www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мегакомдун”  жетекчисин премьер-министрдин бажасы коркутуп-үркүткөн

Айдар Нуралиев 17-май 2019, 14:04

Саясат


“Мегакомдун”  жетекчисин премьер-министрдин бажасы коркутуп-үркүткөн

"Мегаком" ишканасынын жетекчиси Акылбек Жаманкулов бүгүн,  парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында баяндама жасап жатып, аны Иманкадыр Рысалиев коркутканын билдирди.

Анын айтымында, аны Иманкадыр Рысалиев өкмөткө чакырып, коркутуп-үркүтүп, “акча котор” деп мажбурлаган.  “Укук коргоо органдарына дайындап каматам, жоготом” –деген смстери далил болуп берет” деп айтты А.Жаманкулов.

Ушул тапта парламенттеги “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны жүрүп жатат. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком” ,“КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.

Эске салсак, “КТ Мобайл” ишканасынын  ири маяна алат деген орун басары, премьер – минстрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу өз арызы менен кызматтан кеткен.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83