www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков: Таза суу болгон жерде жаңы ишканалар ачылат, инвесторлор келет

Кызгалдак Жакыпова 18-май 2019, 11:39

Саясат Коом


Президент Сооронбай Жээнбеков: Таза суу болгон жерде жаңы ишканалар ачылат, инвесторлор келет

«Таза суу жок болсо, кайдагы ден соолук, кайдагы экономика, кайдагы туризм? Таза суу болгон жерде оору азаят, турист келет, экономика өсөт. Жаңы ишканалар ачылат, инвесторлор келет. Таза суу маселесине өзгөчө көңүл бурулат»,  — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 17-майда Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуусунда.

«Учура 653  калктуу конуштун суусу жок. Ал эми 45 айылга суу жеткизилди. Беш жылда 608 айылды таза суу менен камсыз кылуу керек. Ал үчүн 34 миллиард сом керектелет. Бүгүнкү күндө 27 миллиард сом финансы булактары аныкталган. Калганын дагы финансылык институттар, грант аркылуу көп мамлекеттер, фонддор менен иш  алып барып жатабыз. Таза суу маселеси боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Президенттик мөөнөтүм бүткөнчө бүт Кыргызстан таза суу менен камсыз болот», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83