www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курагынан жаш көрүнгөн белгилүү япон айымдары

Кызгалдак Жакыпова 18-май 2019, 13:13

Турмуш Дүйнө жүзүндө Коом Маданият


Курагынан жаш көрүнгөн белгилүү япон айымдары

Риса Хирако дүйнөгө өзүнүн жаш көрүнгөн келбети менен белгилүү. Анткени ал 48 жашка чыкканына карабай 20 жаштагы кыздай жаш көрүнөт. Ал өзүнүн фотосүрөттөрүн Instagram баракчасына салып турат. 2014-жылдан бери ал абдан таанымал. Модель аял өзүнүн колдонуучуларына жаш көрүнүүнүн сырлары тууралуу да бөлүшүп турат.

Төмөндө анын баракчасындагы бир нече сүрөттөргө көз жүгүртсөңүз болот. Анын келбетинин феномени жөнүндө дүйнөлүк ЖМКлар да жазып жатышат. Алсак, «Daily Mail» басылмасынын маалыматына ылайык, Токионун жашоочусу көптөгөн модалуу бренддер менен кызматташат жана музыкалык клиптерге тартылат.

Масако Мизутани

Белгилүү япон модели Масако Мизутани 46 жашта жана эки баланын энеси. Бирок аны эч ким 46 жашта деп ойлобойт. Улуу кызы 23 жашта, өзү андан да жаш көрүнөт. Ал эч кандай пластикалык операция жасаткан эмес. Терисине кам көрүү үчүн күнүнө 5 саат коротот. Узакка жаш бойдон жүрүү үчүн Масако айымдарга төмөнкүлөрдү сунуш кылат: күнүнө төрт маал аз-аз порциядан тамактануу, дайым жеңил макияж менен жүрүү, курамында Е витамини бар бетмайларды колдонуу, жек көрүү менен стресстен алыс болуу жана жакшы уктоо.

(Интернет булактарынан)

Булак: "АЗИЯnews"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83