www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талашып тартылган Уркуянын ролу

Кызгалдак Жакыпова 18-май 2019, 14:40

Маданият


Талашып тартылган Уркуянын ролу

1971-жылы «Кыргызфильмде» Төлөмүш Океевдин «Отко таазим» картинасына актерлорду тандоо башталган. Биринчи колхоз жетекчиси болгон кыргыз аялы Уркуянын ролуна сулуу десе сулуу, таланттуу десе таланттуу талапкерлер көп келген. Океев өзү бул ролго Жамал Сейдакматованы баамдап койгон. Кинонун сүрөтчүсү Сагынбек Ишенов режиссердун бул оюн жаңылыштык деп эсептеп, ийменген, ыйбаа мүнөзү бар Таттыбүбү Турсунбаеваны сунуштаган. Ишенов өзүнүн оюн сунуштап жатып актрисаны Баткенде гана кездешкен илбериңки, назик гүлгө, Айгүлгө теңеген. Океев: «Мындай каарман аялдын ролуна уяң, жумшак аялды сунуштап жатканың кандай?!

Ошондой аял колхозду уюштуруп, элди башкарып, кыйынчылыкка туруштук берип, душмандарга каршылык көрсөтө алмак беле? Бул ролго чечкиндүү, өткүр аял керек»,- дейт. Бирок Ишенов өзүнүн айтканынан кайткан эмес. «Сага колунда камчысы бар командирдин кереги не?! Биз түштүктүн тарыхын тартканы жатабыз, а түштүктүк аялдар эркекке тике карабай, уяң келишет. Негизи эле түштүктүн менталитетинин өзү өзгөчө. Эгерде бул ролго Таттыбүбүнү тартсак, Уркуянын каармандыгы такыр башка өңүттө кабыл алынат: күч күчкө каршы эмес, күч назиктикке, алсыздыкка каршы чыккан болот...»

Ишеновду фильмдин оператору Кадыржан Кыдыралиев да колдоп, сыноо үчүн тезинен тартып көрүүнү сунуштайт. Тартышат. Бир топ күн Океев жалгыз отуруп бир эмес, бир нече жолу көрүп атып сүрөтчү жана оператор менен макул болот. Макулдугун берип ал да жаңылган эмес. "Отко таазим" элди өзүнө тарткан, эң ийгиликтүү тасма болуп чыга келет. Көрүүчү экрандан бир эле убакта сулуулук менен күчтүүлүктү, назиктик менен өткүрлүктү, уяңдык менен чечкиндүүлүктү көрө алат.

Таттыбүбүнүн моймолжуган көзү, кырдач муруну, ак куунукундай узун мойнунан өйдө элдин эсинде. Океевдин жакшы сапаты — башкаларды уга билчү дешет. Съемка башталганда Ишенов режиссерго: «Жүрү, жаратылышка барабыз. Карачы, баткен өрүгүнүн гүлдөгөнүн. Элестетсең: аппак гүлдөгөн өрүк, ак боз ат жана алпак жоолук салынган Уркуя...» деген. Ошол айтылган кадр да тасмага кошулуп, көркүн чыгарган...

Булак: "Ачык саясат"

 

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83