www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адвокат тытылган джинсы кийген кыздарды зордуктоону сунуштады

Кызгалдак Жакыпова 20-май 2019, 15:01

Саясат Дүйнө жүзүндө


Адвокат тытылган джинсы кийген кыздарды зордуктоону сунуштады

Эгипеттеги таанымал адвокат Наби аль-Вахш бийликтен тытылган джинсы кийген кыздарды зордуктоого уруксат берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу http://mediaplov.asia сайты жазып чыкты. 

Юрист заманбап кыздардын сырткы көрүнүшүнө абдан нааразы. Ал ылайыксыз кийинген жаш кыздарды зордуктоого уруксат берүү керек деп билдирди.

Муну менен катар ал жергиликтүү тургундарды мындай кыздарды куугунтуктоону“патриоттук милдет”, ал эми зордуктоону “улуттук парз” катары кароо экенин белгиледи.

Египеттин Улуттук кеңешинде юристтин аялдарга карата айткан мындай билдирүүсү көңүлдөн тыш калган жок. Алар бул айтканы үчүн анын үстүнөн арызданышаарын билдиришкен.

Белгилей кетсек, Каир аялдар үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу шаар деп табылган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83