www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту

Нурайым Рысмамбетова 20-май 2019, 15:43

Саясат


Сооронбай Жээнбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда  ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

«Дүйнөдө жана региондо кырдаал бардык деңгээлдерде тыгызыраак кызматташууну талап кылууда. Сиздердин эл аралык жана аскерий-саясий өз ара аракеттешүүнүн абалын жана болочогун туруктуу түрдө талкуулап жатканыңар кубандырат. Азыркы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү принциби биздин өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындаштырууну талап кылат. Сиздер Уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкештөө маселелери боюнча чоң иштерди жасап жатасыздар. Жамааттык коопсуздук системасын мындан ары өркүндөтүү жана аны укуктук жактан камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө.  Парламенттик Ассамблеянын ЖККУга мүчө мамлекеттердин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарынын чоң мааниси бар. ЖККУга мүчө мамлекеттердин моделдик мыйзамдарынын долбоолору мына ушул сиздердин аракетиңиздердин иш жүзүндөгү натыйжасы болуп саналат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал региондогу кырдаалдын өнүгүү тенденциясы Уюмдун натыйжалуулугу үчүн таасирдүү чараларды кабыл алуунун зарылчылыгын пайда кылууда. ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жемиштүү кызматташтык үчүн азыркыдан да көбүрөөк салым кошо алат.

Уюмдун форматында террористтик деп таанылган уюмдардын Бирдиктүү тизмесин түзүү жөнүндө мамлекеттер башчыларынын чечимин аткаруу создугуп жатканын белгилеп, жамааттык коопсуздук Кеңешинин төрагасы катары  Сооронбай Жээнбеков улуттук мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тездетүүнү өтүндү.

»Парламенттик Ассамблея мүчөлөрүнүн кабыл алынган чечимдерди ратификациялоодо өз ара аракеттешүүсү абдан маанилүү. ЖККУ Байкоочусу жана ЖККУ Өнөктөшү макамдарынын аныктаган Протоколду ратификациялоо боюнча ишти тездетүүгө чакырам. ЖККУнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Протоколдун чоң мааниси бар. Бул жаатта Парламенттик Ассамблея алдыда жүрөт жана Афганистан жана Сербия сыяктуу «өз» байкоочулары бар. Бүтүндөй Уюмдун деңгээлинде бул ишти активдештирүү зарыл. ЖККУ Байкоочулары менен Өнөктөштөрүн тартууда парламенттик дипломатиянын салымы баа жеткис экенине ишенем», — деп белгиледи Президент жана парламеннтер башчыларын бул ишке активдүү киришүүгө чакырды.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин Парламенттер башчыларынын атынан  Россия Федерациясынын Федералдык Чогулушунун Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин сүйлөдү.

Ал Кыргызстандын ЖККУга төрагалык кылып жаткан өлкө экенин эске алганда Сооронбай Жээнбековдун каалоолорун жана сунуштарын угуу маанилүү болгонун белгиледи.

Парламенттик Ассамблея үчүн биздин уюмдун өнүгүү стратегиясын түшүнүү өтө маанилүү болуп саналат. Биз сөзсүз Сиз айткан сунуштарды биринчи кезекте карайбыз. Бул келечекте күн тартибиндеги негизги маселелердин алкагында мыйзамдарды шайкештөө боюнча чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле жалпы коопсуздук системасын курууга, терроризмге каршы күрөшүүгө жана жалпы укуктук талааны түзүүгө байланышкан маселелер боюнча биздин көз караштарыбызды жакындатуу үчүн керек», — деп белгиледи Вячеслав Володин.

Ал коопсуздук маселелерин кароого катышкысы келгендердин мүмкүн болушунча кеңири коалициясын түзүү зарылдыгы тууралуу ой абдан туура экенин баса белгиледи. Бүгүн эки өлкө — Сербия жана Ооганстан — ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын байкоочулары болуп эсептелет.

»Уюмга мүчө болугусу келген өлкөлөр көп. Бул сунуштарды активдүү изилдеп чыгып, жалпы коопсуздукту куруу чөйрөсүндө активдүү диалог жүргүзүүгө өбөлгө болгон чечимдерди кабыл алуу зарыл. Сиздин сунуштарыңыз көп жагынан бул процесстерди активдештирет», — деп белгиледи Вячеслав Володин.

Иш-чаранын соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынынын күн тартибинде олуттуу маселелер көп экенин белгиледи. Бүгүн кабыл алынуучу чечимдер жалпы коопсуздукту бекемдөөгө жана азыркы кездеги чакырыктар менен коркунучтарга каршы турууга өбөлгө болот.

»Биргелешкен аракеттер менен биз жамааттык коопсуздукту камсыз кылып, жаңы тобокелчиликтер менен коркунучтарга каршы тура алабыз. ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны мурдагыдай эле конструктивдүү духта жана пайдалуу натыйжалар менен өтөөрүнө ишенем. Сиздерге активдүү дискуссияларды жана жемиштүү иштөөнү каалайм «, — деп Президент Сооронбай Жээнбеков сөзүн жыйынтыктады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83