www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Паспорт чыры: ким кимди жеңет?

Кызгалдак Жакыпова 20-май 2019, 16:27

Саясат


Паспорт чыры: ким кимди жеңет?

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун паспорт чыры боюнча иштен өз ыктыяры менен кетиши бул иш коррупциялык макулдашуу ыкмасы менен ишке ашырыла баштаганбы же өлкөнүн башкы чекисти пайда көрүү үчүн аралашканбы деген суроого жакын арада жооп алабыз. Көп нерсени тергөө менен кызматташууга макул болгон "Инфоком" ишканасынын төрагасы Т.Абдуллаев айтып берет деп жатышат.

Ал ортодо Кыргыз өкмөтү литвалык "Гарсу Пасаулис" компаниясы менен бул чырды тынч жол менен жөнгө салууну каалары билинди. Антпесе чет элдик компания "12 млн евро пайдадан куру жалак калдык" жана "ишкердик аброюбузга шек келтиргениңер үчүн" деп 50 млн еврого эл аралык арбитраждык сотко доо бергени жатыптыр.

Жаңы паспорт даярдоого баасы 1 миллиард 263 миллион сомдук тендер жарыяланган эле. Аны 5 компаниянын ичинен литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы утту деп табылган. Бирок бул компаниядан баасын арзан көрсөткөн германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «DEMIA France» компаниялары нааразылык билдиришкен.

Баш прокуратура бул боюнча кылмыш ишин ачып, УКМК тергөөнү баштаган. Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар деп 15 адамдын аты-жөнү жүрөт. Алардын арасында Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Алина Шаикова, орун басарлары Руслан Сарыбаев, Айнура Туйбаева, статс-катчы Данияр Бакчиев, Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана журналист Анна Капушенко бар.

Булак: "Ачык саясат"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83