www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жан сакчыны эми эл сактайт

Кызгалдак Жакыпова 20-май 2019, 17:35

Саясат


Жан сакчыны эми эл сактайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы жан сакчысы, УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевди укук коргоо органдары дембе-дем коркутуп-үркүтүп, мыйзамсыз жол менен 20 млн сомдон ашуун мүлк топтогонсуң деп жатышы карапайым калк арасында да нааразылыкты жаратып баштады. Жан сакчынын киндик каны тамган Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын жашоочулары тынчтык митингге чыгышты. Анда чыгып сүйлөгөн КСДП партиясынын мүчөлөрү, айылдаштары менен жоро-жолдоштору, туугандары плакат-лозунгдарды көтөрүп, Дамир Мусакеевге жалган айыптарды жаап куугунтук жасоону токтотууну суранышты. Ал журналисттерге атайын тааныштыруу саякатын уюштуруп, Бишкектин тегерек-четинде анын атасы, бир туугандарына катталган турак үйлөр менен тааныштырып чыккан. Бир нече массалык маалымат каражаттары аркылуу ага прокуратура тарабынан коюлуп жаткан дооматтардын мыйзамдык негиздери жок экендигин айтып келет.

Жыйындын катышуучулары эгерде Дамир Мусакеевге куугунтук токтобосо, алар Бишкекте да тынч митинг уюштурууга барышаарын эскертишти.

Бөкөнбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Тургунбаевдин айтымында, тынч митинг эч кандай мыйзам бузууларсыз өттү.

Булак: "Ачык саясат"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83