www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы экс-президент Курманбек Бакиев салтка айланып калган ооз ачаар кечесин өткөрдү

Кызгалдак Жакыпова 20-май 2019, 19:19

Саясат


Мурдагы экс-президент Курманбек Бакиев салтка айланып калган ооз ачаар кечесин өткөрдү

Мурдагы экс-президент Курманбек Бакиев салтка айланып калган ооз ачаар кечеси Россия Федерациясына караштуу Санкт-Петербург шаарында өткөрдү. Аталган кечеге катышкан Россиядагы кыргызстандык мекендештерге мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары куттуктоосун окуп берди.

Урматтуу Россия Федерациясындагы мекендештер! 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Салиевичтин атынан ыйык Рамазан айы менен куттуктаймын.

Ушул Улуу Рамазан айында жалпыңыздарга жакшылык каалайбыз! Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдө жакшылык болуп, Жараткан сиздерге жакшылыгын берсин. Кыргызстаныбызда тынчтык болсун,  ошол жактагы жакындарыбызда жалаң жакшылыктар көп болсун. Ар бирибиз ушул Улуу Рамазан айында пейилибизди тазартууга аракет кылалы, баарыбыздын үйүбүздө жакшылыктар болсун,

Баардыгыңыздарга Курманбек Салиевичтин атынан бекем ден-соолук каалайм, Улуу Рамазан айында Кудайдан эмне тилек кылсаңыздар тилектериңиздер орундалышын Кудайдан тилеймин, деп билдирди Бакиевдин жакындары.

Жергиликтүү кыргыз диаспорасы, ооз ачарга келген коноктор мурдагы президент Курманбек Бакиевге ыраазычылык, ден соолук жана жакын арада өтө турган 70 жылдык мааракесине ийгилик каалашкан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83