www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кызгалдак Жакыпова 20-май 2019, 20:19

Саясат


Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 10-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2 кодексине жана 8 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтканда: Токой кодексине, Салык кодексине жана «Билим берүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө», «Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын ш йлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамдарга.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83