www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Эки депутаттын эрөөлү

Кызгалдак Жакыпова 21-май 2019, 10:48

Саясат



АУДИО - Эки депутаттын эрөөлү

Акыйнек айтышуу шаар кеңешине да жетиптир. Эми депутат болгон элдин талабын айтып, талашып тартышса эмнеге болбосун. Бирок, бул эки депутаттын тиреши башкада. Эки депутаттын этикага сыйбаган кайым айтышы социалдык тармактарда талкууга түштү. Бул депутаттардын жүрүм-туруму сынга кабылган алгачкы учур эмес. Көчөдөгүдөй эле кер-мур айтышкан Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттар Жумабек Салымбеков менен Канатбек Музуралиев калаадагы маанилүү маселенин деле талашып жатышкан жок.

Депутат Канатбек Музуралиев   шаардык   кеңештеги турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбековдун жардамчысы Павел Десятников эл өкүлдөрү менен катар отуруп, сөз алып сүйлөп жатканы протоколдук эрежеге туура келбегенин гана айткан. Жардамчысына болушкан Жумабек Салымбеков кесиптеши Музуралиевди "Чыр-чатакты каалап жатасыңбы?" деп зекип, эки депутаттын ортосун кайым айтышуулар болуп кеткен.

Салымбековдун: "урушту каалап жатасыңбы?" дегенине Мүзүралиев акырын гана жоопторду узатса, улам кучөгөн Салымбеков "отурганын көрө албай жатасыңбы" дегенге чейин барган. Албетте, бул жерде Мүзүралиев алда канча Салымбековдон маданияттуулугу жогору экенин көрсөтүптүр. Депутаттардын катарына Жумабек Салымбековдун жардамчысы катар олтурганы чынында эле туура эмес болчу. Тилекке каршы, байдын уулу сүйлөсүн эле болуптур.

Булак: "Факты.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83