www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Азимбек Бекназаров: “Матраимовдун маселе чечкендей, кызматта жок”

Кызгалдак Жакыпова 21-май 2019, 10:42

Саясат



АУДИО - Азимбек Бекназаров: “Матраимовдун маселе чечкендей, кызматта жок”

Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров, жергиликтүү “Жаңы ОРДО” гезитине эл арасында кызуу талкууга алынган Райымбек Матраимов тууралуу пикирин билдирди.

--Атамбаевдин учурунда маселени шопур чечип калган болчу. Азыр Матраимовду ошондой абалга жеткирип, коркунуч жаратчу фигура катары көрсөтүп жаткан жокпу?

Шопур кандай маселе болбосун ачык чечкен. Матраимовдун маселе чечип жатканын билбейм. Ал азыр кызматта жок. Атамбаев кетерде кызматтан бошотуп кеткен. Шопур президенттин аппарат жетекчисинин орун басары, кеңешчи болуп кызматта жүрүп, маселени чечип калган. Иши жок жүргөн адамды эле экс-президент тепкилеп, “Баарын ушул кылып жатат” дегени осолдук. Ал мамлекетти, өзүнүн командасын шылдыңдап жатат. Анткени, бүгүн КСДП бийликте олтурат. Атамбаевдин ишенген кадрлары, партиясы Матраимовдун алдына жатып бергендей көрсөтүп, өзүнүн шермендесин чыгарууда. Матраимов эч ким эмес экенин өзү жакшы билет, бирок азыркы президенттен өч алуу максатында ошону козгоп жатат. Эки достун таарынычы да Сапар Исаков менен Матраимовдун айынан башталып жатпайбы. Атамбаев ошол таарынычтан чыга албай жүрөт. Экс-президент андан жогору болуш керек, уят иш. Кыргызстанда бул система турганда Матраимовго окшогондордун нечени болот. Андайларды бийлик өзү жаратып, пайдаланат дагы, кереги жок болгондо ыргытып жиберет. Атамбаев деле ошону кылды. 7 жыл бийликте туруп, унчукпай эле олтурду го. Менин күчүм жетпей жүргөн деп айтып келсе бир жөн. Мен үчүн Матраимов мага окшоп иши жок жүргөн адам. Аны “ажыдаар” кылып жаткан экс-президенттин саясаты. Матраимов акчалуудур, андай жигиттер толтура да. Атамбаев өзү деле “миллионермин” деп жатпайбы. 

Матраимов чоң саясатка таасир бере албайбы? 

Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83