www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев доого жыккан юристтер соттон утуп алды. Ошондо Дача СУга кулаган жүк Атамбаевдикиби?

Кызгалдак Жакыпова 21-май 2019, 10:42

Саясат


Алмазбек Атамбаев доого жыккан юристтер соттон утуп алды. Ошондо Дача СУга кулаган жүк Атамбаевдикиби?

Жогорку Сот өткөн жумада экс-президент Алмазбек Атамбаев жана юристтер Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын ишине чекит койду. «Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди», — деп айыпка жыгылган юристтердин иши каралып, алар сот доочуга өндүрүп берүүчү 10 миллион сом айып пулду төлөбөй турган болушту. Бул чечим дароо күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт.

Эске сала кетсек, буга чейин 2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин ал кездеги жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Бои0нг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Мындан улам, Башкы прокуратура: «Билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген», — деп Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген.

Ошол кездеги баш прокурор И.Жолдубаева болчу. Натыйжада адегенде Октябрь райондук соту Жолдубаеванын арызын канааттандырып, адвокаттардан 10 млн сомдон өндүрүү чечимин чыгарган. Үй-мүлктөрү да камакка алынган. Себеби, ал кезде соттор да Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен чечим чыгарышчу. Бүгүнкү күндө акыйкаттык болуп, Жогорку Сот адвокаттардын пайдасына чечим чыгарды.

Демек, биз мындан кулаган учактагы жүк экс-президент Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык болгон дегенди түшүнүп атабыз. Ошентип Атамбаевдин кыңыр иштери биринен сала бири ачыкка чыга баштады. Жакындан бери кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп, ошол эле күнү Чеченстанга чыгарылып кетишин да Атамбаев камсыздаганы айтылып келет. Эми Дача СУдагы сырдуу жүктүн да сыры ачылганына аз калды окшойт.

Булак: "Мантыш"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83