www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Жамшитбек “жылт” бериптир дейби?

Кызгалдак Жакыпова 21-май 2019, 15:31

Саясат



АУДИО - Жамшитбек “жылт” бериптир дейби?

“Тендер – теңин бер, жол салуу – кол салуу” сөздөрү уялаган транспорт министрлигинин “колу туткак” орун басарынын иши кечээ каралып башталды. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыкты.

Белгилүү болгондой ошол кездеги министр Калиловдун ою жаман орун басары ири суммадагы пара алып жатканда кармалган. Бул иш боюнча белгилүү болгондой, аталган кылмышка байланыштуу тергөө аяктап, 2-майда соттук териштирүү башталмак. Бирок, күбөлөрдүн жоктугунан улам үзгүлтүккө учураган сот процесси кечээ башталды. Эске сала кетсек, ал жол куруу боюнча жеке компаниялардан 520 миң АКШ долларын талап кылып, мурдараак 120 миң долларын алган жана кезектеги 50 миң долларды алып жатканда колго түшкөн.

Окуядан кийин министр Жамшитбек Калилов креслого жабышып жатып алып, кызматтан араң алынган эле. Орун басардын 520 миң долларды өзү эле алуусу мүмкүн эмес деген кептер тарады. Болсо болбосо Калиловдун катыштыгы бар деген кептер жүрүүдө. Калилов кайда болду экен? Кыргызстанда элеби же эчак эле таманын жалтыраттыбы? Бизге жеткен маалыматтар боюнча Жамшитбек чек арадан жылт бериптир.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83