www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азимбек Бекназаров, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айткан сөзүн ачыкка чыгарды

Кызгалдак Жакыпова 21-май 2019, 16:00

Саясат


Азимбек Бекназаров, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айткан сөзүн ачыкка чыгарды

Саясатчы Азимбек Бекназаров, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айткан сөзүн ачыкка чыгарып, «Жаңы ОРДО» гезитине берген маегинде айткан.

Аппаратыңдагылар сага баш ийбейт, башка күчтөргө баш ийет деп катуу айтканыңыз чындыкпы?

Ошентип эле катуу айттым. Фактылап далилдеп да айтып берсем, ошондойбу деп калды. Кошоматчыларды эмес, күчтүү адамдарды жаныңа топто дедим. Биринчи жолукканда эле дипломатиялык этиканы кармап сүйлөшөлүбү же илгеркидей Соке, Азике болуп сүйлөшөлүбү?– дегенде, “Соке, Азикедей болуп сүйлөшөбүз” деп келишкенбиз. Бизде ошондой тартип бар. Барганда эле “Качан ишти баштайсың? Ушинтип жүрүп мөөнөтүңдү өткөрүп жибересиңби?” деп кекиртектен алам. —

Кийинки шайлоодо Жээнбеков өзүнүн партиясын парламентке алып келгенге аракет кылабы? 

Сооронбай аракет кылбаса деле, “Биз Сооронбайдыкыбыз” деп партия түзүп келе беришет. Буга депутат болуп олтургандар үйрөнүп алышты. Канча акча кетерин да билишет. Кимди кайсыл жерге олтургузушту үйрөнүп бүтүштү. Матраимовдун спорттук иш-чарасына дагы Кара-Сууда мынча шайлоочу бар, ушул жардам берет деп барышты да. Булар 2 партияны өздөрү түзүп алып келишет да, “Сизди колдойбуз, кылычыңыз болуп беребиз”деп шуулдашат. Каалагандай акча бар буларда. 

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83