www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада Кыргызстандын жасалма документтери менен паспортторун  колдонуп жүргөндөр кармалышты

Нурайым Рысмамбетова 22-май 2019, 09:28

Кылмыш жана кырсык


Москвада Кыргызстандын жасалма документтери менен паспортторун  колдонуп жүргөндөр кармалышты

Кыргыз Республикасынын жарандарына келген өлкөлөрүнүн мыйзамдарын бузбоо сунушталат. Мамлекеттик мекемелердин ар кандай тактамаларын алуу,  каттоону жасатуу жана узартуу сыяктуу мыйзамсыз жана ортомчулук  кызматтарын сунуш кылган алдамчылардан алыс болууга чакырат.  Жогорудагыдай кызматтарга барып, жасалма документтерди колдонуу менен  жарандар өздөрү кылмышка барып жатышат. Мыйзамды билбегендик кылмыш  жоопкерчилигинен бошотпойт. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга киргенден кийин, Борбор Азиянын өлкөлөрнүн жарандары Россиядан жумушка орношуу үчүн жасалма кыргыз паспортторун алган учурлар жок эмес. Акыркы убактарда жасалма документтерди колдонуу фактылары көбөйүп кетти.  Жасалма айдоочулук күбөлүгүн, ID-card паспортун биздин жарандардан  сырткары КМШ өлкөлөрүнүн жарандары дагы Россиянын аймагында   колдонушууда. 2019-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жасалма паспорттору менен айдоочулук күбөлүгүн колдонуу фактысы аныкталды. Жакында, Ош облусунун Алай районунун тургуну, 1994-жылды туулган А.Р. аттуу жаран Москва шаарына келгенде такталбаган жарандар менен сүйлөшүп алып, акчага айдоочулук күбөлүгүн мыйзамсыз алган. Акча табуу максатында ал башка жарандын айдоочулук күбөлүгүнүн сериясы менен номери жазылган жасалма айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип  жүргөн. Ошондой эле, коңшу өлкөнүн 1979-жылы туулган С.К. аттуу жараны  кармалган. Ал бирөөлөр менен макулдашып, жалпы жарандык паспортту акчага  жасатып, Россиянын аймагында миграциялык каттоого турууга жана Россия  Федерациясынын аймагына келгендигин тастыктоо үчүн колдонуп жүргөн.  Жогорудагы жарандын паспортундагы маалыматтар 1983-жылы туулган  Кыргызстандын жаранына  таандык экендиги аныкталган. Андан сыткары,  көңшу өлкөнүн 1979-жылы туулган Н.А. аттуу жараны Кыргыз Республикасынын  жасалма  жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн жеринен кармалган.  Документти ал белгисиз адамдардан акчага мыйзамсыз алып, миграциялык  каттоого турууга жана банктык картаны жасоого колдонуп жүргөн.  Паспорттогу маалыматтар өзүнөн жаш Кыргызстандын жаранына таандык болуп  чыккан.    Аталган фактылар боюнча топтолгон маалыматтар Россиянын ИИМдин Москва  шаарынын аймактык бөлүмүндө билдирүүлөрдү жана кылмыштарды каттоо  китепчесинде катталды. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен жогоруда алынган  паспорттор мыйзамсыз даярдалгандыгы көрсөтүлүп, жарандардын  иш-аракеттеринде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин  327-беренесинин 3-бөлүмүндө (Жасалма документти колдонуу) көрсөтүлгөн  кылмыш белгилери аныкталууда. Азыркы учурда козголгон кылмыш иштери  боюнча Кыргыз Республикасынын паспортун даярдоого тиешеси бар адамдарды  аныктоо үчүн зарыл болгон ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүрүүдө.  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү  ар  кандай күбөлүктөрдү жасатууда, каттоону жасатууда жана узартууда   мыйзамсыз жана ортомчулук кызматтарын сунуш кылган алдамчылардан алыс  болууга чакырат. Барган өлкөнүн мыйзамдарын сактоо керек. Жасалма  документтерди колдонуу, аны даярдоодон дагы катуу жазаларды алат.  Кандайдыр бир маселелер жарала турган болсо,  Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө же Кыргыз Республикасынын  Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылуу керек.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83