www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтынбек Сулайманов менен Мурашевдин кадырына «Кара көлөч» антисыйлыгы ыйгарылды

Кызгалдак Жакыпова 22-май 2019, 10:29

Саясат


Алтынбек Сулайманов менен Мурашевдин кадырына «Кара көлөч» антисыйлыгы ыйгарылды

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге Бизнес жана базарлар ассоциациясы «Кара көлөч» аттуу антисыйлык ыйгарышканы белгилүү болду. Бул тууралуу Тикенек жазып чыкты. 

Мындай сыйлык өлкөбүздүн ишкерлеринин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында ыйгарылган. 

Демек, аталган министр өзүнүн ишин жөндөй албай, жөн гана креслого күч келтирип отурганын түшүнүүгө болот.

Чындыгында эле Айыл чарба министрлигинин иштей албай жатканынан улам дыйкандар жай бою маңдай терин агызып тапкан картошкаларын сыртка экспорттой алышпай, натыйжада ал картошкалар чирип, банкрот болушкан. Ошондой абалды көрүп туруп дагы аталган министрлик эч кандай чара көрө алышкан эмес. 

Эске сала кетсек, буга чейин министр Нурбек Мурашевдин кабинетине белгилүү бир агенттиктин журналисти чириген картошко көтөрүп барып «белек» кылганын да коомчулук билет. Ошентип, эч кандай иш жасай албай жатканына коомчулук нааразы болуп атса дагы Нурбек Мурашев ордунан былк этпей отурат. Себеби, анын таянганы парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов. Аны менен кайсы бир долбоорлорго деп келген кредит, гранттарды бөлүшүп коюп отурганы отурган. Кыязы, Алтынбек мырзаны деле көздөй кадры Нурбек Мурашевдин иштей албай атканы кызыктырбайт окшойт, эң негизгиси «бөлүшүп» турса болду го.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83