www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Райымбек Матраимов менен түз сүйлөшкүңүз келеби? - Анда анын төрүнө кош келиңиз...

Кызгалдак Жакыпова 22-май 2019, 16:06

Саясат


Райымбек Матраимов менен түз сүйлөшкүңүз келеби? - Анда анын төрүнө кош келиңиз...

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элине "кайта-кайта" айта берип таанылткан ылакап аты "Райым миллион" Фейсбук социалдык тармагына  Райымбек Матраимов өзүнүн жеке баракчасын ачты. 

--Урматтуу фейсбук колдонуучулары! Буга чейин соцтармактарда катталган эмес элем. Бирок, көпчүлүк мекендештеримдин суроолору боюнча фейсбук баракчамды ачтым. Мындан ары жакындан баарлашып турабыз деп ойлойм, - деп пикир жазып калтырган.

Андан сырткары Матраимов өздүк баракчасына өзүнүн жана курч көздөрү менен тике караган бүркүттүн сүрөтүн орноштурган. Мындан ары Райымбек Матраимовго кызыккандар же көз арткандар болсо ал киши менен "ортомчусу" же "жеңеси" жок, "түптүз" социалдык тармак аркылуу сүйлөшө алат. 

"Кыс-тати", Матраимов Кайрылуу жасагандан бери адатына салып айкыра берген Атамбаев жок го...Кайрылуу боюнча олуттуу бир адам орчундуу сүйлөбөй Байсалов бакырган болду, Мискенбаев секирген болду. 

Кызык... токойдо жымжырттык өкүм сүрүүдө...

Баса, Р. Матраимовдун баракчасы кимге таандык экени белгисиз, бир нече убакыттан кийин тактайбыз. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83