www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар: “КТ Мобайлдын” коррупциясын ачкан Акылбек Жамангуловго куугунтуктоолор болууда

Нурайым Рысмамбетова 22-май 2019, 11:48

Саясат


Депутаттар: “КТ Мобайлдын” коррупциясын ачкан Акылбек Жамангуловго куугунтуктоолор болууда

«КТ Мобайлдын» тегерегинде чыккан чуудан кийин «Альфа Телекомдун» директору Акылбек Жамангуловго басым болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында бир катар депутаттар билдирди.

 А.Жамангулов мурда “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты болчу. Анын жакындарына текшерүүлөр барып, анын мурунку бизнестерин текшерип жатышат. Комиссиядан ушул жагына да көңүл бурушун сурайт элем”, - деп айтты депутат Зиядин Жамалдинов.

“Жамангулов коррупциялык системаны ачып, муну менен парламентке жардам берди. Ушундай ишти ачыктаган адам куугунтукталбашы керек. Финпол жана башка органдар куугунтукту токтотсун”, - деп билдирди Жанар Акаев.

Жамангуловду колдоп, Жогорку Кеңештен Кенжебек Бокоев, Карамат Орозова, Рыскелди Момбеков жана башкалар чыкты.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83