www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кармалган Шамиль Атаханов укук коргоочуларга милициянын үстүнөн арызданды

Нурайым Рысмамбетова 22-май 2019, 15:09

Кылмыш жана кырсык Саясат


Кармалган Шамиль Атаханов укук коргоочуларга милициянын үстүнөн арызданды

Кыйноолорду алдына-алуу Улуттук борборунун кызматкерлери экс-вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун жактоочусунун келип жолугууларын суранган кайрылуусуна көңүл бурушту.

Анын айтымында, борбордун кызматкерлери тезинен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына келип Ш. Атахановго жолугушкан.

“Атахановдун арызында  кармоо тууралуу токтомду 21-майда кечки 20:00 де алган. Андан кийин аны  эч кандай медициналык кароосуз, убактылуу кармоочу жайга алып келген. Себеби, Атаханов буга чейин эки инфаркт алган адам катары мед кароону талап кылган. Жактоочу менен жолугууга да мүмкүн болгон эмес.Ал жалгыз жеңи жок күрмөчөн камерада калган. Жабуу, кийимдерин эртеси 22-майда гана алып келип беришкен. Дарыдан да баш тартышкан”, - деп билдирет жактоочусу Сулайманов.

Улуттук борбордун башчысы,  прокуратурага арыз жазылганын айтты.

Бул жерден Атаханов мырзанын да абалын түшүнсө болот. Жедеп ак чүч жашоого көнгөн кши түрмөдө да “комфорт” талап кылып жатпайбы. Бирок, укук коргоо органдарынын колуна түшкөн карапайым жарандар, мед кароо, жылуу кийим, плет дебей эле сабап-кыйноо болбосо ошого ыраазы болуп жатып калууда. Бул да болсо, ошол өзүңөрдүн иштөөңөрдүн кесепети.

Булак:NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83