www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саакашвили Зеленискийден украин жарандыгын кайтарууну өтүндү

Нурайым Рысмамбетова 23-май 2019, 14:46

Дүйнө жүзүндө


Саакашвили Зеленискийден украин жарандыгын кайтарууну өтүндү

Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украинанын президенти Владимир Зеленскийге кайрылып, ага украин жарандыгын кайтарып берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Зеленскийдин администрациясына кат жиберген Саакашвилинин адвокаты билдирди.

Зеленскийге жазган катта саясатчы аны Украинанын Конституциясын жана эл аралык укуктарды бузуу менен аны жарандыктан ажыратышканын белгилеген. Ага 2015-жылы Петр Порошенко украин жарандыгын берүү менен аны Одесса облусуна губернатор кылып шайлаган. Бирок, эки жылдан кийин экөөнүн пикири келишпей, Саакашвили өз каалоосу менен кызматынан кеткен. Андан соң, Порошенко куугунтукка алып, Саакашвилини Украин жарандыгынан ажыраткан. Ага ,аакашввилинин Порошенконун кетишин талап кылган митинги себеп болгон. Ал Украинанын жаңы президентинен өлкөгө кайтып келүүгө жана сотто өз укуктарын коргой алууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн. Ошону менен бирге Саакашвили ага эч кандай кызмат керек эмес экенин айткан.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83