www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садык Шер-Нияз, ЖК депутаты: “Кыргыз тилин өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчалар дайынсыз жоголууда”

Кызгалдак Жакыпова 23-май 2019, 15:07

Маек Маданият


Садык Шер-Нияз, ЖК депутаты: “Кыргыз тилин өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчалар дайынсыз жоголууда”

– Садык мырза, өкмөттүн отчетун угуп жатканда маданияттын азыркы абалына каңырыгыңыз катуу түтөдү эле. Андан кийин бул багытта кандайдыр бир жылыштар байкалдыбы?

– Бир сөздөн кийин эле өзгөрүп кетсе жакшы го… Жасала турган, комплекстүү чече турган аябай эле көп иштер бар маданият тармагында. Көп иштер бар…

– Биринчи кезекте эмнени жасаш керек дейсиз?

– Чынында баары эле биринчи кезекте чече турган маселелер. Бирөөнү айтсаң бирөө калат. Бирок, эгерде мамлекеттин алы жетпей жатса, аз гана тыйын менен оңдоп койсо боло турган жактар деле бар. Мисалы, айтыш, кино өнөрү коомдук колдоо менен эле өнүгүп калбадыбы. Ошол сыяктуу эле жазуучуларды деле колдосо болот. Ага көп деле акчанын кереги жок. Ансыз деле кыргыз тилин өнүктүрүүгө олчойгон акчаларды бөлүп атабыз. Бирок ал каражатгар дайынсыз иштерге жумшалып кетүүдө. Менин билишимче, жакында эле 200 млн. сом акча бөлүндү. Бирок, ага канчалык майнаптуу иштер жасалат, мен билбейм. Кыргыз тилин биз эмнеден билебиз? Байдылданын, Алыкулдун, Жусуптун ырларынан, Мукайдын, Мидиндин,Токомбаевдин, Айтматовдун, Жакыпбековдун, Касымбековдун чыгармаларынан. Демек, ошол тарап абдан керектүү да. Ага анчалык көп акчанын кереги жок. Эң негизгиси, көңүл. Чыгармачыл адамга биринчи кезекте жакшы сөз керек. Ошондон тоёт. «Менин жазганымды эл окуса экен, бааласа» деп жазат чыгармасын. Акчанын артынан кубалаган чыгармачыл адамды мен көрө элекмин. Акча үчүн жазса баары бизнеске кирип кетпейт беле?

– Өзүңүз дагы продюссерлик кылып жатасызбы?

– Ооба, бир жаш режиссерге жардам берип атам. Эмил Атагелдиевдин «Көл» аттуу көркөм фильми жакында экранга чыгат.

Булак: «АЗИЯnews»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83