www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эксперттик топтун мүчөлөрү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен сот-укуктук реформаны өткөрүүнүн жүрүшүн талкуулады

Айдар Нуралиев 27-май 2019, 09:21

Расмий кабарлар


Эксперттик топтун мүчөлөрү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен сот-укуктук реформаны өткөрүүнүн жүрүшүн талкуулады

Сот-укуктук реформанын алкагында иш чараларды өткөрүүнү талдоо боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү 24-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жаңы жазык мыйзамдарынын шартында укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынын иштөө маселелери, ошондой эле республиканын аймактарындагы укук коргоо жана сот органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын сот реформасынын алкагында кабыл алынган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча ишин иликтөөнүн жыйынтыктары каралды.

Атап айтканда, Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестринин жана Бузуулардын бирдиктүү реестри ишке киргизилиши боюнча мониторингдин жыйынтыктары жана сот-укуктук реформаны аткарууга тартылган жергиликтүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсү тууралуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө сот-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыктары, айрым мыйзамдардын реформанын концепциясына шайкештиги жана 2019-жылдын аягына чейин биргелешкен аракеттердин кошумча пландары жөнүндө маселелер талкууланды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83