www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Нур-Султан шаарына учуп кетти

Кызгалдак Жакыпова 28-май 2019, 14:45

Саясат Расмий кабарлар



АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Нур-Султан шаарына учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына учуп кетти.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысынын Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоосу пландаштырылууда.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтөт, жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Эске салсак, 5 жыл мурда, 2014-жылдын 24-майында Беларусь, Казакстан жана Россиянын ортосунда Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндөгү Макулдашууга кол коюлган, 2015-жылдын 2-январында Армения ЕАЭБдин мүчөсү болду. 2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болгон. 

Кыргыз Республикасы бажылык, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу, рынокту ЕАЭБдин 180 миллиондук калкына чейин кеңейтүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү берген ЕАЭБ менен кызматташууда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83