www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - “Ашуудан” өтөөрдө сенатор Байпакбаев байпагын тескери кийе баштады

Кызгалдак Жакыпова 28-май 2019, 16:02

Аналитика



АУДИО - “Ашуудан” өтөөрдө сенатор Байпакбаев байпагын тескери кийе баштады

“Ашуудан ат алмаштырбайт, бирок эшектерди алмаштыра берет” –деген кеп бар. Мурунку президент Аскар Акаев “Ашуудан ат алмаштырбайт”-деген шылтоо менен төрт ирет президенттик шайлоого түшүп, бешинчи ирет президент болоордо аңтарылган. Ошондон соң эл алдында шайлоого бараткан учур, “ашууга” чыгып бараткан учур катары элес калтырат. Эмки жылы кыргыз парламенти  “ашуудан” өтөт, депутаттардын көпчүлүгү “чөптөн бийик, тайдан жапыз” болушуп электорат алдында бөйпөлөңдөй башташты. Антпесе болчубу, электорат “ашуудан” ала салдырып койот. Бир гана Байпакбаев деген депутаттын басыгы чыга баштады. Балким, ал эмки парламенттик шайлоодо кайра депутат болуп шайланбай калышын билип, “Атың чыкпаса жер өрттө” деген принцип менен электоратка жаман көрүнүп жаткандыр, Эмесе Байпакбаевдин байпагын тескери кийе баштаганы тууралуу кеп:

1.Элдин капчыгын кагып, ар бир литр бензинди 50 тыйынга көбөйтүү тууралуу элге каршы ойлорун айткан. Салык салып элди сыздатканды жакшы көргөн Байпакбаев мырза, элдин кыжырына тийген салыктардын көбүн ушу киши ойлоп чыгара баштады. Бензин менен дизелдин литрине 50 тыйын кошумча төлөм алуу тууралуу документтерди коомдук талкууга алып чыккан. Анын айтымында автоунаа айдаган жарандар, абаны булгап жатат, ошондуктан алар ар бир куйган литрине 50 тыйын кошумча сом төлөшү керек. Маселен, өлкөдө жалпысынан жылына 1,7 миллион бензин сарпталса, 0,5 тыйын салыкты киргизгенде, бюджетке 850 миллион сом жыл сайын киреше болуп турат имиш. Таза абаны коргомуш, жаратылышты сактамыш болуп, өзүнүн капчыгын толтурганы жаткан жокпу?

2. Кыргызстанда 1 миң 497 бала бакчасы бар, алардын ичинен 172 жеке менчик болсо, мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар  1 миң 325 экен. Бул бала бакчаларда күнүгө тамак-ашына 36 сомдон 75 сомго чейин акча сарпталат. Мунун теңи республикалык бюджеттен бөлүнсө, жарымысын жергиликтүү бюджет көздөйт. Байпакбаев “Бала бакчалар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү кийирип жатып, тамак-ашка акчаны ата-энелер төлөсүн деп догун артты. Кызык, эми бала бакчага тиешелүү акчаларын төлөгөндөн тышкары эми ата-энелер 36 сомдон 75 сомго чейин тамак-ашына да төлөшү керекпи?

Төрт жыл уктап келаткан Байпакбаевдин түшүнөн чоочугансып сүйлөгөнү, али да уйкусунан ойгонбой эле түшүндө сүйлөп жаткандай сезилет.

Булак: “Назарньюс”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83