www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - ФОТО - Президент Сооронбай Жээнбековду Казакстандын улуттук экономика министри  Руслан Даленов тосуп алды

Кызгалдак Жакыпова 28-май 2019, 17:23

Фоторепортаж Саясат



АУДИО - ФОТО - Президент Сооронбай Жээнбековду Казакстандын улуттук экономика министри  Руслан Даленов тосуп алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕАБ) мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен  Нур-Султан шаарына учуп келди.

Мамлекет башчысын Нур-Султан шаарындагы эл аралык аэропортунан Казакстандын улуттук экономика министри  Руслан Даленов, Нур-Султан шаарынын акиминин орун басары Ерлан Каналимов,  Тышкы иштер министринин орун басары Ермек Кошербаев жана Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев тосуп алышты.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилген.

Жогорку Евразиялык  экономикалык кеңештин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтөт, жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Мындан тышкары,  Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоо пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын делегация курамында:

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;

КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жээнбек Кулубаев;

КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков;

КР финансы министри Бактыгүл Жеенбаева.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83