www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Күйүүчү майлар 50%га чейин контрабанда, 90 - жылдарга кетип баратабызбы?

Кызгалдак Жакыпова 28-май 2019, 17:16

Аналитика



АУДИО - Күйүүчү майлар 50%га чейин контрабанда, 90 - жылдарга кетип баратабызбы?

Имиш-имиштерге караганда Акылбек Жапаров мурун  ким президент болсо өкүл ата кылам деп жүрсө, акыркы мезгилде кудалашам деген далалаттарды  кыла баштаган. 90-жылдары Аскар Акаев президент кезинде политехти бүтүргөн Акылбек мырза Акаевдин жакын адамдары менен туугандашып, экономика жаатына оогон. 1993-жылы  Жумабек Ибраимов, Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев жаш Акылбек Үсөнбековичти ошол кездеги “лык, лык семиз”деген оюндагыдай  далыга чаап тандап жаңы түзүлгөн КСДП партиясынын штабына ачендик кылган. Элдин бары колхоз-совхоз тарап, чайга тыйын таппай турган кезде Акылбек Жапаров бир партиянын кулагын чоюп турган. Кыргызстанга болсо контрабанда менен күйүүчү майлар кирип жаткан.

2000-жылы Акылбек Жапаров партиялык тизме менен экинчи шайланган Жогорку Кеңешке депутат болот. Албетте, бул депутаттардын “зор эмгеги” Кытайдын Төртүнчү бөлүмүнүн берген миллиондорун төш чөнтөгүнө салышып, 1936 Ватикан  мамлекети бата турган Үзөңгү –Куушту Кытайга кармата бергени болгон. Албетте, Акаев менен сөөк жаңыртып жаткан сарбагыш иниси Акылбек мырза биринчилерден Үзөңгү –Куушту берүүгө дайым даяр болуп турган. Ал эмес 2005 -жылы  февралда Акылбек Жапаровдун өсүшүнө өбөлгө болгон, мурунку Кыргызстандын жетекчиси Турдакун Усубалиевди “ Бөрү карысын жектейт” болуп, Кочкордон депутаттыкты талашып тепетепке алганын эл унута элек. Усубалиевди “ ушалаганын” колко кылып саясий кадар-барк топтогон.

 Бакиевдик бийлик учурунда Каржы министри, экономика министри, биринчи вице-премьер кызматтарын аркалап, мезгилдүү маалымат каражаттарында, сыналгы, үн алгыларда “Ваше высоковеличество” деп жүрүп Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди Таластыктардын колуна салып берип, өзү “мыйт” койгону белгилүү, Феликс Кулов менен туугандашып депутат болуп, Атамбаев менен туугандашып экинчи ирет Каржы министри болгон. Акылбек Жапаров Асылбек Шариповичке чалма ыргытып, кудалашкысы келип жүргөн. Акылбек Жапаровдун 90 - жылдарга кетип баратканыбызды, күйүүчү майлар 50 пайызга чейин контрабандалар менен келип жатканын баса белгилегени анын бул оюнунун ишке ашпай калганын билдирип тургандай.

Экономика министрлигине Санжар Мукамбетовдун талапкердигин талкуулап жатып учурунда 2009-жылы экономика министри болуп турган, “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров ошол жылы Кыргызстан мыкты көрсөткүчтөргө  жеткенин баса белгилеп кетти.

Булак: “Назарньюс”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83