www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - “Бир бол” Мурашев менен бирге болгон жок

Кызгалдак Жакыпова 28-май 2019, 17:29

Саясат



АУДИО - “Бир бол” Мурашев менен бирге болгон жок

“Кара галош”, “чирик картошка”, эт эмес же чел эмес иш алып баруу, сын дооматтын министрликтин дарегине жаашы, Абылгазиевдин жеке өзүнүн ага карата сыны чоң муштум министр Мурашевди иштен кетүүгө аргасыз кылды. Ал турсун, партиялаштары да аркасын салып, жүздөрүн буруп кетти. Антпеген-де кантишмек? Алар да арачага түшө берип көңүлдөрү калган сыяктуу. Себеби, Мурашев арыз жазары менен фракция лидери ушуну эле күтүп тургансып, партиянын лидери Сулайманов бош калган айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлик кызматына жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөттү.

Сулайманов: «Премьер-министр колдойт деп ишенебиз. «Кезек жаштарда. Келечек жаштардыкы» деп айтабыз. Келечекти күтпөй, аны жаштарга бүгүн бергенибиз туура болот», – деди Сулайманов. Токтогазиевди учурда социалдык тармакта ар кандай сындап жатышат. Теплицадан башы чыкпаган “балашканы” жарабайт десе, айрымдар мыкты экенин белгилеп, жаштык дараметине ишеним артууда. “Мен быйыл 20 сотыхка капуста эктим, эмдиги жылы жакшы болсо, кийинки жылы талапкерлигимди министрликке коём” – деди, бир интернет колдонуучу.

Булак: «Факты.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83