www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КМЮА Керезбековдун менчигиби, ыя?

Кызгалдак Жакыпова 28-май 2019, 17:25

Саясат


КМЮА Керезбековдун менчигиби, ыя?

Жогорку Кеңештин депутаты, укук тармагын тескеген комитеттин төрагасы Канат Керезбеков тууралуу узун сабак кептердин аягы тыйылбай келет. Баарын жазып олтурсак сөз көп болуп кетчүдөй, негиздүү бир критерийине токтололу. Биринчиси, Канат Керезбекович учурда ЖК депутаты болуп олтурганы менен бир учурда өзү жетектеп кеткен Юракадемиянын (КМЮАнын) «көмүскө» кожоюну экени белгилүү эле. Азыр да ал жерди өзү башкарып олтурганы жашыруун эмес. КМЮАда азыр дээрлик 95% пайыз кадрлар Керезбековдуку. Бирөө да кың дей албайт. Деп көрсүнчү? Канат мырза ректор болуп олтурганда, орноткон академиядагы «диктатурасы» азыр да «ийгиликтүү» иштеп жатат.

Буга мисал катары бир сүртүмдү айта кетели, Канат Керезбеков өзү мандат алып кеткен соң, Юракадемияга Арстан Мамбеткулов деген жаш жигитти түздөн-түз макулдук берип ректор кылган эле. Анан Арстан мырза ректор катары Керезбековдун макулдугусуз 1-2 чечим чыгарган экен, жарым жылга жеткирбей аны “жыга чаап” башка ректорду шайлады. Мындай эмес десе Керезбеков келсин, далилдешели! «Менин Юракадемияга таптакыр тиешем жок, ректорлуктан кеткенден бери басып да бара элекмин» десе айтсын, ага да орун берели!

Булак: «Факты.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83