www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 28-май 2019, 19:13

Саясат


Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап стратегиялык кызматташтык, достук, биримдик, боордош өлкөлөр ортосундагы жылуу коңшулукту жогору баалап, Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берет.

Кыргызстан жана Казакстандын Өкмөттөрүнүн ортосунда эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери боюнча Жол картасы ишке ашырылууда.

Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевди ал үчүн ыңгайлуу каалаган убагында Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосундагы мамилелер чыныгы достук мүнөзүнө ээ экендигин белгиледи.

«Бизде өлкөлөр ортосундагы мамилелер жогорку артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген көптөгөн жалпы институттар бар. Биз кызматташтыктын алкагында конкреттүү жыйынтыктарга жетүүгө даярбыз», — деп баса белгиледи Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83