www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Финансы полициясынын экс-төрагасы 18 жаштагы кызды зордуктап, Казакстанга качып кетти

Кызгалдак Жакыпова 29-май 2019, 09:31

Коом Кылмыш жана кырсык


Финансы полициясынын экс-төрагасы 18 жаштагы кызды зордуктап, Казакстанга качып кетти

Финансы полициясынын экс-төрагасы А.М. деген неме 3-майда 18 жаштагы кызды зордуктап коюп, Казакстанга качып кетип жашап жүрөт экен. Бул туурасында зордукталган кыздын адвокаты Миноваухан Мамбетова АКИпресстеги пресс-конференцияда билдирди. Мамбетова төмөндөгүлөрдү кенен айтты. Ошол зордукчу неме бир 18 жашар кызга иш таап берем деп алдап үйүнө алып барып зордуктаган. Бул ишти эксперттер тастыктаган. Аталган иш боюнча Ленин райондук милиция бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Анан бир күнү кызды тергөөчү чакырып, күнөөлүүнү алып келип беттештирем деген.

Бирок, антүүнүн ордуна иш Бишкек шаарынын милициясына берилет деген. Ошол жердеги бир милиция чоңу кызды коркуткан арызданба деп... Зордуктаган неме кыздын энесин Баткенден чакырган, энесинин жол киресин төлөп берген. Ал келгенден кийин кызды энесине жамандаган, "бузулган кыз, ал акча талап кылып жатат, сойкулук менен шугулданат" деп. Зордукталган неме жабыр тартканга акча сунуштаган, кыз көнгөн эмес. Укук коргоо органдары кылмышкерди Казакстанга качырып жиберген.

Булак: "Багыт.kg"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83