www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Ал ушул кадамга ары карап ыйлап, бери карап күлүп барууга аргасыз болду”

Кызгалдак Жакыпова 29-май 2019, 13:54

Маек Саясат


Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Ал ушул кадамга ары карап ыйлап, бери карап күлүп барууга аргасыз болду”

К.Осмоналиев: Атамбаевде башка арга калбады. Кетпей койсо, өмүр бою кепилдик берилген жыргал жашоосунан айрылмак! 

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн колдогон КСДПчыларга төрагалык кылуудан баш тартып, муну жаштарга орун бошотуп берүү ишараты жана “Президенттин ишмердүулүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүрдү. Бирок, карапайым калк ичинде АШАнын саясаттагы жолу бүткөнү, элде жийиркенүүдөн башка сезим жаратпай калганын түшүнүп, айла жоктон саясаттан оолактагысы келгени тууралуу пикир басымдуулук кылат. Мурунку президенттин партия төрагалыгынан кеткенин дагы кандайча жоромолдосо болот?

- Бул мыйзам 2010-жылы дароо эле кабыл алынышы керек болчу. Ошол кездеги саясий кырдаалды түшүнүп билгендер айтып чыккан элек! Анткени, 2005-жылдагы Акаевдин жана 2010-жылдагы Бакиевдин президент катары такыр эле чектен чыгып кетишкендиктери ошол эки төңкөрүшкө алып келбедиби? Бирок, Убактылуу өкмөт андай терс феноменди көрүп туруп, карабай койгон. Натыйжада, кийинки президенттин бийликти узурпация кылып алуусуна жол ачып салышты. Көпчүлүк мүчөлөрү ал баскынчылыкка активдүү катышышты. Билип турушуп эле ошондой кылышты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун бул мыйзамга кол коюп күчүнө киргизгенин колдошубуз керек! Атамбаевде башка арга калбады. Кетпей койсо, өмүр бою кепилдик берилген жыргал жашоосунан айрылмак! Ошондуктан, ал ушул кадамга ары карап ыйлап, бери карап күлүп барууга аргасыз болду! Андан башка ою деле болбосо керек, Анткени, 1 ай мурда эле КСДПныны келечегин өзү менен гана байланыштырып, укмуш саясий пландарды түзүп жана ачык эле жарыялап жатпадыбы беле? Эми бара көрөбүз. Атамбаевдин азыркы тилектештери, партиялаштары кандай кадамдарга барышат. Мен бул КСДПдан дегеле эле эч бир жакшылыктарды көрбөй турам. Алар 10 жылга жакын бийликти каалагандай эле майкандашты.

Жыйынтыгы болсо - нөл. Мындан ары алардан жаратмандык ишти күтүүнүн кереги жок! КСДПчылар жалаң гана өч алмай, бийликке ар кандай жол менен кайра келмей жолуна түшүп алышты. Демек, мындан ары саясий конфронтациянын гана булагы боло алышат! Эл мунун баарын түшүнүп турат жана 2020-жылы КСДПга өзүнүн катуу күнөө койгон өкүмүн чыгарат. Мен буга ишенем. Ал эми жаштар саясатка өздөрүнүн эволюциялык жолу менен эле келип калышты. Алдыңкы авангарды бийликке илине башташты. Алардын мындай ийгиликтерине азыркы саясий партиялардын биринин дагы тиешеси жок!

Булак: “Майдан.kg” гезити


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83