www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда Касым-Жоомарт Токаев 70% добушка ээ болду

Кызгалдак Жакыпова 10-июнь 2019, 11:13

Борбордук Азия жаңылыктары


Казакстанда Касым-Жоомарт Токаев 70% добушка ээ болду

Казакстанда экзит-поллдун алгачкы жыйынтыгы жарыяланды. Учудагы президент Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 70% добушун алганы белгилүү болду.

Ал эми оппозициячыл талапкер Амиржан Косанов 15% добуш алганы кабарланды. Ал ортодо полиция шайлоо күнү нааразылык акциясына чыккан 500дөй адам кармалганын билдирди.

Коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат кечки сегизге чейин жалпы шайлоочулардын 77% добуш берди.

Алматы облусунун шайлоочуларынын 89% добуш берүүгө катышып, эң жогорку көрсөткүчтү алса, Алматы шаарынынын тургундарынын 52% гана жарандык укугунан пайдаланган.

Саат түнкү 12де өлкөдөгү экзит-полл сурамжылоонун алгачкы жыйынтыгы жарыяланды.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83