www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты

Кызгалдак Жакыпова 10-июнь 2019, 15:22

Саясат Экономика


Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты.

Вице-премьер-министр форумдун ачылыш салтанатына жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусундагы пленардык жыйынга катышты.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков «Евразия экономикалык биримдиги. Келечектин стратегиясы» панелдик дискуссиясынын спикери болду, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин жана Кытай Эл Республикасынын бажы чек арасынан өткөн эл аралык ташуу товарлары жана унаа каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу Келишимге кол коюлду. Ошондой эле ал Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган «Инвестициялык кызматташуу: өнүктүрүү жана интергация» иш-чарасына катышты.

Форумдун алкагында катар тараптын демилгеси менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдулрахман бен Джассима Аль-Тани менен жолугушту.

Диалогдун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки жактуу  өкмөттөр аралык комиссиянын иши боюнча маселелерди талкуулашты.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83