www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Абдыганы Эркебаев менен жолугушту

Айдар Нуралиев 11-июнь 2019, 08:38

Саясат


Президент Абдыганы Эркебаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту.

Ассамблеянын улуттар аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана өлкө элинин биримдигин сактоодогу жүргүзүп жаткан чаралары талкууланды.

Абдыганы Эркебаев учурдагы ишмердүүлүгү, Ассамблеянын курамына кирген этникалык коомдук бирикмелер жана коомдук фонддор менен жүргүзгөн иштери тууралуу айтып берди.

Ассамблея төрагасы белгилегендей, ал аталган кызматка киришкенден тартып, өлкө аймактарына бир катар сапарлар менен барган, алардын жүрүшүндө этникалык диаспоранын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик менен жолугушкан.

Жолугушуулардын алкагында жарандык тынчтыкты бекемдөө жана  Кыргызстан элинин биримдигинин маанилүүлүгү талкууланган.

Президент Сооронбай Жээнбеков улуттар аралык ынтымак мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болуп саналганын баса белгиледи. Ал кыргызстандыктар коомдук бүтүндүктү баалашканын белгилеп, аны сактоо жана бекемдөөнүн маанисин эске салды.

Мамлекет башчысы Ассамблеянын жалпы граждандык иденттүүлүгү, маданий көп түрдүүлүктү сактоонун негизинде коомду бириктирүү жана ошондой эле мүмкүн болгон чыр-чатактарды алдын алуу жана жөнгө салууда Ассамблеянын өзгөчо ролун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ассамблеянын өлкөнүн аймактарындагы ишин активдештиргенин канааттануу менен белгилеп, мамлекеттик органдардын коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттешүүсүн бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83