www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда митингчилер төкмө акын Заитовду бошотушту

Айдар Нуралиев 11-июнь 2019, 09:07

Борбордук Азия жаңылыктары


Казакстанда митингчилер төкмө акын Заитовду бошотушту

Кечээ, 10-июнда Казакстандын Алмата шаарында президенттик шайлоого каршы болгон бир топ адамдар  "Алатау" театрынын маңдайында нааразычылык билдирип чыгышкан. Ошол убакта полиция 50-60 адамды кармап кеткен. Арасында казак төкмө акыны Ринат Заитов да бар.  

Андан соң, чогулгандар Заитовду бошотуу талабы менен Шаардык полиция департаментинин алдына чогулушкан. Алар менен Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчи орун басары Избасар Бектуров жолугушкан. Ошондон кийин, акын бошотулган.

Кечки саат 23:00 чамасында төкмө акын Ринат Зайитов Алматы шаардык полиция департаментинин алдына чогулгандар менен жолугуп, аларды таркап кетүүгө чакырды.

"Тарагыла, мен үйдөн келдим. Баарыңар үчүн жанымды берүүгө даярмын. Муунум бошоп, көзүмө жаш келип турат. Сиздер менен биргемин. Кармалгандардын баары чыкты. Бардыгы жакшы. Эч ким эч жерде калган жок", - деген акындын сөздөрүнөн кийин топтолгондор акырындан тарай башташты.

Департамент алдына чогулгандардын айрымдары: "Казакстан бир кадам алдыга жылды. Биз жеңдик!", - деп кыйкырып жатышты.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83