www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каймана атын калбырдай сүйрөп кеткен Абдраимовдун ордуна жаңы губернатор келди

Айдар Нуралиев 11-июнь 2019, 12:10

Саясат


Каймана атын калбырдай сүйрөп кеткен Абдраимовдун ордуна жаңы губернатор келди

Чүй облусунун өкмөттөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, мурда Аламедин районунун акими болгон Намазалиев Алтынбек Абдисалимович шайланды.

Мурунку өкүл Туйгунаалы Абдраимовдун кызматтан кетишине журналист менен болгон чыры себеп болгон.

38 жаштагы Алтынбек Намазалиев, буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасынын өзгөчө кылмыштар боюнча тергөөчүсү болуп иштеген. 2014-жылы Чүй районунун прокурорунун, кийин Жайыл районунун орун басары болуп иштеген.

2016-жылы 16-декабрда Кара-Балта шаарында “Азия-2” соода базарындагы чырдан кийин кызматтан кеткен.

Эске салсак, КРнын Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, А.Намазалиевдин бир тууганы – Намазалиев Азамат Абдисаламатович Ленин райондук мамлекеттик салык башкармалыгынын башчысы.

Чүйдүн жаңы журт атасынын ишине ийгилик каалоо менен бирге анын карьералык бактысын дагы бир тепкичке ачкан Абдраимовдун кылыгынан сабак алат деп ишенебиз. Себеби, “буттан чалынган турат, тилден чалынган турбайт” – деген кепти өзгөчө мамлекеттик кызматкер жадыбалдай жаттап жүрүүсү кажет. Болбосо, Т.Абдраимов айтмакчы, “этикеткасы” жок экени билинип, артына каймана атты калбыр кылып сүйрөп калары шексиз.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83