www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Клара Сооронкулова, юрист: "Атамбаевдин оозун жаап, ордуна коюш керек"

Кызгалдак Жакыпова 11-июнь 2019, 12:15

Саясат


Клара Сооронкулова, юрист: "Атамбаевдин оозун жаап, ордуна коюш керек"

Бийликке таарынган КСДПнын «үйүрү» 8-июнда корруцияга каршы митинг өткөрүп, ага мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышты. Экс-президент бул сапар дагы үйрөнгөн адаты менен кызыл тилин кайрап, жыртылып бүткөн оозунан ак ит киргизип, кара итти чыгарды. Өзүнүн айдагы менен баспай жалпы элди тандаган Президентти колунан келишинче каралап, «Райымбек Матраимовду коргоп жатат» деп көө жаап, «шайлоодогу миллиондорду кайдан алган» деп тазалыгына шек жаратып, «колхоз башкарууда» деп шылдыңдап, мусулман эмес мунафык деп келекеледи.

Эми башкасын айтпаган күндө да, диний ишенимди саясатташтыруу пастыкка жатат. Себеби, ким мусулман ким кафир экенин пенде эмес, бир гана Кудай аныктайт. Албетте, экс-ажону Батукаевдин иши кыжалат кылып, санаага салып жатканы бу сапар ачык билинди. Тузакка түшөр күнү жакын калганын сезип, чебелектей баштаганы так байкалды. Аны Салянованы жанталашып коргогонунан көрсөк болот. Ал аракети сокурга дагы дайын, каршы көрсөтмө бербесе дегени да.

Болбосо Салянованын күйөөсү менен агасына жалган жалаа менен иш козготуп, качырган АША өзү эмес беле? Иниси да АШАнын учурунда киши колдуу болду. Кыскасы, бул киши чындап эле психикалык жактан соо эмес экен. Дарыланыш керектигине биз да ынандык. Анда башкалардын да пикирин угуп көрүңүз, «Алмазбек Атамбаевдин митингдеги сүйлөгөн сөзүнө кандай комментарий бере аласыз?» деген собол менен кайрылдык.

—Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун беделине шек келтирген сөздөрдү айтты. Буга тийиштүү орган чара көрүшү керек. Бирок аны орчундуу маселе катары кароонун кажети жок, көбүрөөк укук коргоо органдары иликтеши зарыл. Атамбаев өз убагында саясатчыларды, журналисттерди кандай гана куугунтуктаган. Мамлекет экс-президентке кадыр-барк менен мамиле кылат. Агамбаевди күзөтүнөн тарта, тамак-ашына чейин мамлекет багып жатса, ал башкача мамиле кылууда. Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтибеши керек. Мындан улам экс-президентти ордуна коюп, оозун жабыш керек. Ал эми жалпы коомчулук Атамбаевдин интервьюларына кайдыгер мамиле кылып коюшу керек. Эл көңүл бурган сайын Атамбаев күчөй берет.

Булак: "Мантыш"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83