www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зарылбек Рысалиев реанимациядан чыга элек

Кызгалдак Жакыпова 11-июнь 2019, 14:36

Саясат


Зарылбек Рысалиев реанимациядан чыга элек

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада жаткан, Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев реанимациядан чыга элек. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча орун басары Александра Олексюк билдирди. Анын айтымында, Рысалиев сүйлөй алат. Бирок кан басымы туруктуу эмес.

- Ал эсине келген. Жай сүйлөп жатат. Кан басымы анча туруктуу эмес. Көтөрүлүп жатат. Азырынча реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Бирок эртеңкиге консилиум пландалууда, - деди ал.

Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген.

Булак: "Мантыш"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83