www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зайырбек Ажыматов, акын: “Өзүңөр менен өзүңөр күрөшмөк белеңер..?”

Кызгалдак Жакыпова 11-июнь 2019, 15:14

Саясат


Зайырбек Ажыматов, акын: “Өзүңөр менен өзүңөр күрөшмөк белеңер..?”

— Коррупцияга каршы митингдерди, кыймылдарды, демилгелерди МЫНА, БИЗ – жаңы конуштарда 15-20 жылдап алачыктай үйүн эптеп бүтүрө албай, ак мээнет менен тапканы курсагынан ашпай, этегин тартса башына, башын тартса этегине жетпеген турмушта жашагандар, адабияттын, маданияттын өкүлдөрү, так ошо коррупционерлердин курмандыгы болуп иши жүрбөй, коомдон өз ордун таппай калган адистер; дыйкандар, жумушчулар, ишкерлер, аргасыз жер которгон мигранттар; таланты, билими бар туруп талаада калган илимпоздор, ак жүрөк жарандар, аз айлыкка топук кылып иштеп жүргөн мугалимдер, дарыгерлер, күч түзүмдөрүнүн катардагы кызматкерлери ж.б.у.с. уюштурсак, бул темада сүйлөсөк, талап койсок ЖАРАШАТ.

Биздин моралдык укугубуз бар! Мурда чоң кызматта жүргөндөр, олигарх саясатчылар, (алардын туугандары, жардамын көргөндөр) азыр бийликте отурса да колунан эч нерсе келбей жаткандар, силер бул темада унчукпай эле койгулачы?! Коррупция менен реалдуу күрөшүү силердин колуңардан келбейт. Күйгүзбөгүлөчү кишини. Өзүңөр менен өзүңөр күрөшмөк белеңер? Бизди алдабагыла…

Булак: «Мантыш»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83