www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Эсептөө палатасы айыл өкмөтүнө текшерүү жасап, ишине талдоо жүргүзгөн

Айдар Нуралиев 11-июнь 2019, 18:51

Саясат


КР Эсептөө палатасы  айыл өкмөтүнө текшерүү жасап,  ишине талдоо жүргүзгөн

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү бюджеттерде каржы тартибин бузуу жосундары жана кадрлардын алмашуусу арбын, абал кыйла оор десек да болот. 2018-жылы Эсептөө палатасы 222 айыл өкмөтүнө текшерүү жасоо менен бирге, алардын эки жылдык ишине талдоо жүргүздүк. Каржы тартибинин бузулушунан улам, жергиликтүү каржы кызматкерлердин арасында өз жанын өзү кыйгандар да бар экен. Менимче, алардын адистигин жогорулатып, эмгек акысын көтөрүү зарыл. Бул тууралуу Улукбек Марипов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов айыл өкмөттөрүнө борбордон адистерди тартып, алар тажырыйба топтогондон кийин Финансы министрлигине же Экономика министрлигине жумушка орношуусуна кандайдыр бир жеӊилдиктер каралышы керектигин белгиледи. «Айыл өкмөттөрүнө бюджеттен каражат бөлүнөт, бухгалтерлер аны туура эмес жумшагандан соӊ, кайра ордун толтура алышпайт. Муну байкап калган укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларды коркутуп, калган бюджеттик каражаттарды кагып кетип жатышат», - деди ал.

Эсептөө палатасынын төрагасынын пикиринде, өлкө аймактардагы каржы тартибинин сакталышы үчүн көп жылдардан бери создугуп келаткан административдик-аймактык реформаларды жүргүзүп, айыл өкмөттөрүн ирилештирүү менен, жергиликтүү каржы кызматкерлеринин адистиги менен маянасын көтөрүү зарыл.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83