www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиялык туристти сүзүп өлтүргөн айдоочу кандай жаза алды?

Айдар Нуралиев 11-июнь 2019, 19:04

Кылмыш жана кырсык


Германиялык туристти сүзүп өлтүргөн айдоочу кандай жаза алды?


Кочкор районунда Германиядан келген туристтерди унаасы менен сүзгөн айдоочу 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасы жатак абакта өтөөсү белгиленди. Нарын облустук сотунун коллегиясы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 мекемесинин жетекчиси А.М.нын пикирин угуп, соттолуучу Ариеттин (аты-жөнү өзгөртүлдү) кечирим суроо өтүнүчүн карап чыкты.

Кочкор райондук сотунун 2017-жылдын 26-октябрындагы чечими менен Ариет Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 281-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде эки эпизод менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен бошотулган. Мындан тышкары, сот Германиянын жараны — маркум Лиза Хесенин мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, Германиянын 1959-жылы туулган жараны М.Х.нын пайдасына материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 270 миң 167 сом өлчөмүндө каражат жана моралдык чыгымдын ордун толтууруу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө каражат төлөп берүүсү милдеттендирилген.

Нарын облустук соту 2018-жылы 17-майда биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өз күчүндө калтырган. Соттордун чечими Жогорку сотто каралган эмес.

Соттолуучу 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу кечирим суроо үчүн кайрадан ишин карап чыгуу өтүнүчүн келтирген. Сотто мамлекеттик айыптоочу соттолуучунун кечирим суроо өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну өтүндү. Себеби жаңы кодексте да аталган кылмышка 5 жыл берилерин белгиледи.

Нарын облустук соту материалдарды карап чыгып, соттолуучунун кечирим суроо өтүнүчүн канааттандырарлык эмес деген чечимин кабыл алды.

Кочкор районунда Германиядан келген туристтерди унаа сүзүп кетип, анын кесепетинен 33 жаштагы аял каза болгон.

Маалым болгондой, кырсык 2017-жылы 25-июнда болжол менен саат 12:30 чамасында болгон. Кыргызстанды кыдырып саякаттаган германиялык 3 турист Кочкор айылына барышкан. Аларды айылдагы мейманкана тарапка бара жаткан жолдон жергиликтүү тургундун башкаруусундагы «Ауди» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден туристтердин арасынан 1984-жылы туулган аял катуу жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми эки турист Кочкор райондук аймактык ооруканага жеткирилип, бири хирургия, экинчиси кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«Ауди» автоунаасынын айдоочусу да көкүрөк тушунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83