www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соттолгондугун жойгондор депутат боло алат. Же саясатчылар өзүн ойлоодобу?

Айдар Нуралиев 12-июнь 2019, 09:47

Саясат


Соттолгондугун жойгондор депутат боло алат. Же саясатчылар өзүн ойлоодобу?

Мурда соттолуп, бирок андан толук кутулгандарга депутаттык креслого ат салышууга жол берилиши мүмкүн. Мындай шарт менен “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” мыйзамына толуктоолорду киргизүүгө сунуштар түшүүдө.

Мындан мурдараак “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, мыйзам чыгаруучу  жогорку органдарга мурда соттолбогон, мыйзам жагынан көйгөйү жок жарандар катыша аларын билдирген.

Бирок, көпчүлүк депутаттарды бул ынандырган жок. Алардын ою боюнча, кимдир бирөөнүн тандалуу укугун чектөөгө болбойт. Эгер, талапкер сот аркылуу соттолгондугун жоё  алса, анда ал ЖК мандатына ат салышууга укуктуу. Бир гана кечирим менен камактан бошотулгандар жана амнистияга тушуккандар гана талапкер боло албайт.

Белгилей кетсек, ушу тапта парламентте шайлоо мыйзамдарына толуктоолорду киргизишүүдө. Кезектеги парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын күзүндө өтөт.   

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83