www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада спортчунун өлүмүнө шектелип алты тажик жараны кармалды

Кызгалдак Жакыпова 12-июнь 2019, 09:49

Коом Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


Москвада спортчунун өлүмүнө шектелип алты тажик жараны кармалды

Москвада грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери Сергей Чуевдин өлүмүнө шектелип Тажикстандын алты жараны кармалды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Москва шаардык тергөө башкармалыгындагы өз булактарына таянып билдирди.

Алгач орусиялык ЖМКлар 34 жаштагы Сергей Чуев ишембиге оогон түнү Москвада кош бойлуу келинди бейбаштардан коргоо маалында өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Бирок Орусиянын Тергөө комитети бул маалыматты четке кагып, спортчу топтошкон адамдар жолдон өткөрбөй жаткан эки өспүрүмгө жардам берип жатканда сабалганын билдирди.

Ал ортодо тажик жарандарынын жыртылган шым жана ич кийимчен тартылган сүрөттөрүнүн интернетке жарыяланышы тажикстандык социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жаратты. Айрым басылмалардын билдиргенине караганда, кармалгандар качып кетпесин деп алардын шымдарын жана ич кийимдерин атайын жыртып коюшкан.

Москвадагы Тажик маданий борборунун төрайымы Хуршед Хамрокулова кармалгандарга карата мындай кемсинтип мамиле кылуу туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында, азырынча мигранттардын күнөөсү далилдене элек жана аларды эч ким кемсинтип, мазактоого акысы жок.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83