www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Равшан Жээнбеков, экс-депутат: "Бажы тармагындагы коррупцияны Атамбаев эмнеге байкаган эмес?"

Кызгалдак Жакыпова 12-июнь 2019, 10:22

Маек Саясат


Равшан Жээнбеков, экс-депутат: "Бажы тармагындагы коррупцияны Атамбаев эмнеге байкаган эмес?"

Бийлик Атамбаевге каршы көрсөтмө алыш үчүн бейкүнөө адамдарды камап жатабы?

– Атамбаевге каршы оппозиция бийликке келсе, анан мурдагы бийликтин өкүлдөрүн жөндөн-жөн эле камай баштаса, анда аны саясий куугунтук же саясий өч алуу десек болот эле. Бирок Социал-демократтар партиясындагы адамдар андан кантип өч алат? Бул жерде эч кандай саясий куугунтук же кандайдыр бир өч алуу жок. Эгерде ал киши атаган адам бажы тармагында коррупция жасап жаткан болсо, алты-жети жыл бою жогорку бийликте отурган Атамбаев эмнеге байкаган эмес?

Ал жети жылда “коррупцияны жайладым” деп эле кыйкырып жатпады беле? Атамбаев президент болуп турганда эмне үчүн ошол бажыдагы, салыктагы коррупцияны, Бишкек ЖЭБинин долбоорун ишке ашыруудагы коррупциянын бетин ачкан жок? Эгерде ошол кезде анын өзүнүн командасынын арасынан коррупцияга шектүү катары камалса, анда анын бүгүн айткан сөзүнө ишенет элек. Ошондуктан анын азыр айтып жатканы бери эле дегенде эки жүздүүлүк.

Булак: «Факты.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83