www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев абакта жаткан табакташтары үчүн спектакль коюп жатабы?

Кызгалдак Жакыпова 12-июнь 2019, 11:48

Саясат


Атамбаев абакта жаткан табакташтары үчүн спектакль коюп жатабы?

8-июнда “Форум” алдында өткөн митинг тууралуу ушундай тариздеги пикирлер айтылып, жазылууда.

Кошулбай коюуга болбойт. Атамбаев соттук чечимдерди күтүп атышкан коррупционер табакташтары үчүн кезектеги спектаклин койду. Мындан башкача баалоого мүмкүн эмес.

Кезинде президенттик бийлигинин күчүнө салып, далайларды коррупциялык, мыйзамсыз иш-аракеттерге түрткөн Атамбаев бүгүн кол тийбесик макамына таянып алып, өзү башында турган ири коррупциялык афералар үчүн жооп бербей, жоопкерчиликтен качып, макам  жардам бералбай калышы мүмкүндүгүн туйганда ушундай спектаклдерди коюп, анда табакташтарына бир гана нерсени ишаарат кылып келүүдө. Кандай ишаарат дейсизби? “Мен бармын, силерди унуткан жокмун, мага каршы көрсөтмө бербей тургула, аз калды, мен силерди куткарып  алам…”- деген ишаарат. Муну менен Атамбаев табакташтарын унутпаганын билдирип, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Айбек Калиев, Кубанычбек Кулматов  ж.б.  сыяктууларга дем, кайрат бергиси келүүдө.

“Форум” алдындагы митингде сүйлөгөн сөзүндө: “Алар мени саткан жок, ошон үчүн камалышты, эӊ ишенимдүү адамдарым болчу!”- деп буга чейинки айтып келгенин дагы бир жолу кайталады. Минтип кайра кайра айтуу менен экс-президент эмнени көздөөдө? Албетте, тигилерди сооротуп, жоошутуп, өзүнөн алыстатпоону, өзүнө каршы көрсөтмө бердиртпөөнү. Канткен күндө да Атамбаевде табакташтары коррупциялык, мыйзамсыз иштерин ачыктаган көрсөтмөлөрдү берип, баарын айтып салышабы деген коркунуч жок эмес. Болбосо, АШАны коррупция боюнча айыпталып, камалып жаткандардын тагдырлары чындап кызыктырбайт.  Мында Атамбаев табакташтарын эмес, эң ириде өзүнүн керт башынын амандыгын ойлоп, “өзүн өзү сактоо инстинкти” аны спектаклдерди койдуртууда.  

Кызыгы, абакта жаткандар качанга дейре Атамбаевдин спектаклдерине ишенишип, анын куру дымактуу сөздөрүнө сооронушат  болду экен?

Булак: “Майдан.kg” 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83