www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки депутат Шыкмаматов менен Өмүркулов көпүрөдөн "сүзүшүп", "мүйүздөрү" сынды

Кызгалдак Жакыпова 12-июнь 2019, 12:07

Саясат


Эки депутат Шыкмаматов менен Өмүркулов көпүрөдөн "сүзүшүп", "мүйүздөрү" сынды

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы президент Алмазбек  Атамбаевдин 8 – июндагы митингде алты жылдык ишмердүүлүгүнө баа берүү талабы жана депутаттарга айтылган сындар боюнча чууга түштү.

Жыйындын жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ар кандай сындар айтылып, эки депутат Иса Өмүркулов менен Алмамбет Шыкмаматов өткөн-кеткен өтүрүгүн айтып, чачташканы эле болбосо бири-бирин көздөрү менен тике карап, улак тирешке өтүп, бири-бирин “мат” кылды. Кызыгы эки депутат тең 01:01 боюнча калды.

ЖК депутаты Алмамбет Шыкматов Иса Өмүркуловдун айткан сөзүн сынга алып:

-- Сен эмне деп жатасың? Атамбаев – улут атасы!” деген Өмүркулов бүгүн, 180 градуска бурулуп, эми сындап чыкканы туура эмес. Мен Атамбаевди коргогон жокмун, сөздү бурмалабагыла. Болгону Өмүркуловдун позициясын сындап жатам. Унчукпай эле отурса болмок”,- деди.

Ага жооп катары Иса Өмүркулов:

--“Алмамбет иним, мен сүйлөө үчүн сенден уруксат сурабаймын. Атамбаевдин президент болушуна менин, сенин, Текебаевдин дагы салымы бар. Анын бийлигин колдоп, митингдерде чогу жүргөнбүз”,- деп тике карады Өмүркулов, кесиптеши Шыкмаматовго.

Ошентип, “эки улак” көпүрдөн сүзүшүп сууга кулап кетти.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83