www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илмияновдун камакта экени чынбы?

Айдар Нуралиев 13-июнь 2019, 09:04

Саясат


Илмияновдун камакта экени чынбы?

Ың-жыңы жок болгон Икрамжан Илмияновдун камакта жатканына ишенбегендер да чыга баштаганы ырас. Анткени былтыр күздөн бери жалгыз камералык “люкста” жаткан кишиден түк кабар жок. Жактоочусу ким экенин деле билбейбиз. Чамасы ага жактоочулук милдетти бийликтеги “көмүскө генералдар” аткарып жатса керек. Себеби “шопур” деген каймана атка конгон бул мырзанын ичинде сактаган далай урунттуу сырлары бар. Анткени анын аракетисиз үлкөн “операциялар” жүзөгө ашырылмак эмес. Демек, ал лөктөргө коркунуч келтириши ыктымал.

Ошентсе да Икрамжанга карата түзүлгөн шарт жаман эмес экенин эшитип калып жатабыз. Тамактан, дары-дармектен кыйналбай эле жатышына ишенебиз. Керек болсо каалаган тамактарын ресторандан жасап келип, алтын аякка куйуп беришери да белгилүү. Капчыгы томпойгондор түрмөдө деле кадырлуу, туурабы? Андай экенин Нариман Түлеев деле тастыктап бербеди беле? Болгону жалгыздыктан кабагы бүркөлүп жатса керек деген ой жаралат. Ким билет, балким жадырап жайнабаса да, жаркөптөй кайнабаса да ошого окшошуп тургандыр…

Т. Корголдоев

Булак: Ачык сөз


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83