www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Олигархтар өлкөгө коркунуч жаратабы?

Кызгалдак Жакыпова 13-июнь 2019, 10:12

Саясат


Олигархтар өлкөгө коркунуч жаратабы?

Кыргызстанда акчаны самандай сапырып, бирок, аябай сараң олигархтар саналуу эле. Алардын катарына кошулам деп чебелектеп жүргөндөр деле жок эмес, бар. Ток этерин айтсак эки жүзгө чукул чыныгы капчыгы калыңдар жүрөт өпкөсүн казанбактай кылып. Так ушулар акыркы жыйырма жылда бийликке шатысы жок жетип, ого бетер байлык жыйноого жол ачып алышты. Мамлекеттик майлуу кызматтарды чеңгелдешкендиктен элдин ырыскысын чак түштө тартып алууга чыйыр салынды. Колунан келип турганда жек-жааттарын, жээндерин, жарма досторун, аяш үкөлөрүн, өкүл балдарын жанына топтоп, шайлоолордо таасирдүү күчкө айланды. Айыл өкмөттөрүнө чейин өз адамдарын коюу салтка айланды.

Бүгүн деле эски жолдун нугунда кетип баратканыбыз ырас. Ошол эле байлардын, көпөстөрдүн кырманына “кызыл” толуп, казанында кысыр эмди тайдын эти былкылдап кайнап турат. Жыл өткөн сайын балдары балакатка жетип, үй-бүлөөлүк казынасын толтуруунун амалдарын үйрөнүп, неберелери эмитен акчанын жытына эңги-деңги болушууда. Ырыстуу, таалайлуу балдардын тепкени крутой унаа болуп, жегени шоколад, кызыл икра, жүргөнү түнкү клуб, шаан-шөкөт жайлар экени жашыруун эмес. Акыйкатта эле булар элге эле эмес, өлкөгө коркунуч алып келери айтылууда. Анткени кимде башты айланткан байлык болсо, ошолор каалаган убакта элди акчанын амири менен көтөрүп, бийликти басып алышы “жомок” эместир? Бекер жерден эл башкаргандар ошол олигархтарга өзгөчө мамиле жасашып, аларды суук көздөн, ачык сөздөн коргоп жатышпагандыр?

Демек, байлыгына чиренген таасирдүү кландар мамлекетке кооптуу экени айныксыз турбайбы? Анан калса кара курсак үчүн акты карага боеп жиберүүгө даяр турган “бечаралар” далдалчылык кылып жиберип жатпайбы? Ушул шоркелдейлер тигилердин караанын көбөйтүп, керек болсо артын шамалдан тосуп берүүгө каниет кылганы кайсыл логикага сыят? Ошол үчүн баймын деп опурулгандар карапайым элден ийменбей, тайманбай каалаганын жасап жатканына жин келсе да чыдап отурууга аргасыз болгондойбуз. —“Байлыгыңа байпагым, силерсиз да көр турмуш өтөт, алдагы балчайган бетиңе батиңкемин таманы тийгенде билесиң” – деп тайманбай аларга каяша айткандардын катмары жука болуп жатканына кыжаалат болосуң. Эгерде бийликти чойгондор байлардын мурдуна чүлүк салып, кытайдын карызын төлөтүүгө кам көрсө чыныгы өлкөнүн намысына жараган улуттук лидерге айланмак. Тилекке каршы олигархтардын жетеленме баштыктары болгону абдан өкүнүчтүү. Анан кантип өлкө оңолсун, жегич, ичкичтерге алы жетпесе…

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83