www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Кызгалдак Жакыпова 13-июнь 2019, 10:37

Саясат


Президент Сооронбай Жээнбековдун КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 13-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле эки Мамлекеттер башчыларынын астында Ардактуу кароол Ротасынын салтанаттуу жүрүшү өттү.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

КЭР Төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн Бишкекте кыргыз-кытай бизнес-форуму өтөт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83